Жанылыктар

Жеткиликтүү каржылоо, санариптик хаб жана экспорттук кластерлер: Нарындын ишкерлери ЧОИ-2030 программасына сунуштарын беришти

Кичи жана орто бизнес — экономиканын таянычы: мамлекеттик колдоо улантылып, олуттуу жеңилдиктер берилет

Президент Садыр Жапаров ишкерлерге, юридикалык жана жеке жактар үчүн бир катар жеңилдиктерди киргизүүгө багытталган мыйзамга кол койду

Кыргызстанда ЧОИ үчүн жеңилдетилген насыя долбоору башталат

Караколдо ЧОИ-2030 Программасынын алкагында бизнести колдоо чаралары талкууланды

Кыргызстанда чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциуму түзүлдү

ЧОИ-2030 программасын иштеп чыгуу башталды: сунуштар кабыл алынууда

Баткен облусунун ишкерлери менен жолугушуунун жыйынтыктары

Бишкекте бизнести өнүктүрүүнүн векторлору аныкталды: ЧОИ-2030 Программасы боюнча стратегиялык сессиянын жыйынтыгы

Талас облусунун ишкерлери менен жолугушуунун жыйынтыгы: бизнести колдоо чаралары

Кара-Суу районундагы ишкерлер менен ишкерликти колдоо чаралары боюнча жолугушуунун жыйынтыгы